Ош технологиялык университети жана Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк региону боюнча бөлүмү , Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустардагы өкүлчүлүгү окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү үчүн Россия Федерациясында болуу эрежелериндеги өзгөрүүлөр жана коопсуздук миграция туурасында маалымат жыйынын өткөрөт.
ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү үчүн атайын өткөрүлүп жаткан усулдук жыйынга келип, акыркы маалыматтарга ээ болууга чакырабыз.
Жыйын 2025-жылдын 3-июнь күнү саат 10.00дө ОшТУнун чоң актылар залында өткөрүлөт.
ОшТУнун эл аралык байланыштар бөлүмү