Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Ж.Турсунбаев Мырза Улукбек атындагы Самарканд мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинин «Архитектура», «Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук», “Инженердик геоматика” жана “Чет тилдер” кафедраларынын окутуучуларын кабыл алды.
Алар ушул мезгилде Ош технологиялык университетинен алдыңкы билим жана көндүмдөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрүн алуу үчүн квалификациясын жогорулатып жатышат.
Жолугушууда тараптар алдыңкы жылдарда академиялык мобилдүүлүк, эл аралык долбоорлорду бирге ишке ашыруу, илимий изилдөөлөрдү ж. б. биргелешип жүргүзүү боюнча талкуулашып, пикир алышты.
Бул стажировкалар Ош технологиялык университетинин “Жашоо тиричилик коопсуздугу”, “Архитектура”, “Компьютердик лингвистика” кафедраларынын базасында ишке ашырылып жатат.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Самарканд шаарындагы Өзбекстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форумунда аталган эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган. Андан бери билим берүү жана илим тармагында тыгыз кызматташуу ишке ашырылууда.