Ош технологиялык университетинин жетекчилиги Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунун “Бухгалтердик эсеп” жана “Менеджмент” кафедраларынын окутуучуларын расмий кабыл алды. Алар учурда ОшТУда квалификациясын жогорулатуу максатында стажировкадан өтүп жатышат.
Жолугушуу учурунда тараптар академиялык мобилдүүлүк, эл аралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, илимий изилдөөлөрдү жана башка багыттарды өнүктүрүү боюнча пикир алышып, кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Аталган стажировка доцент К.А. Мамашев жана доцент Ж.У. Усанова жетектеген “Бухгалтердик эсеп жана аудит” жана “Менеджмент, логистика жана туризм” кафедраларынын базасында уюштурулган.
Эске салсак, 2023-жылы Ош облусу менен Андижан облусунун ортосунда 2023–2025-жылдарга кызматташууну кеңейтүү боюнча Комплекстүү программага (Жол картасы) кол коюлуп, анын негизинде эки жогорку окуу жай ортосунда кызматташуу келишими түзүлгөн.