Ош технологиялык университетинин инновациялык маалымат технологиялар институтунда Жасалма интеллект борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Бул борбор студенттердин инженердик көндүмдөрүн өнүктүрүүдө жана практика жүзүндө билимдерин тереңдетүүдө маанилүү роль ойнойт. Ачылыш аземин ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев ачып берип, өз сөзүндө мындай борборлор университеттин сапаттуу билим берүү багытындагы олуттуу кадамдарынын бири экенин белгиледи.
Борбор заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздалган:

Жогорку кубаттуу компьютерлер

Программалаштырылуучу роботтор

3D принтерлер
Акылдуу технологияларды үйрөнүүгө ылайыкташкан лабораториялык борбордо студенттер төмөнкү багыттарда практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшөт:

Жасалма интеллект алгоритмдерин иштеп чыгуу

Маалыматтарды талдоо жана машиналык окутуу (machine learning) моделдерин түзүү

Робототехника жана автоматташтыруу системаларын программалоо

3D моделдөө жана прототиптерди басып чыгаруу

Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана долбоорлорду ишке ашыруу
Институттун директору Менди Арзыбаева өз сөзүндө бул борбор студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, билим берүү процессин заман талабына ылайык өркүндөтө турганын баса белгиледи.