ОшТУда кезектеги окумуштуулар кеңеши өткөрүлүп, күн тартибинде Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин 2024-2025-окуу жылындагы аткарылган иштеринин жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттери тууралуу, университеттин окуу процесстерин санариптештирүү абалы тууралуу, гуманитардык-технологиялык колледжинин окуу, окуу-усулдук, илимий, тарбиялык жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн абалы жана ар түрдүү маселелер каралды.
Жыйындын жүрүшүндө күн тартибине ыйлайык каралган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилер тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтар угулду жана суроолор, сунуштар айтылып, талкууланып тиешелүү токтомдор кабыл алынды.