Ош технологиялык университетинде архитектура жана курулуш институтунун бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу бүтүрүү аземи болуп өттү.
Иш-чараны институттун директору Муса Шабанов ачып, бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин куттуктап, келечек жолунда ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, Окуу бөлүмүнүн башчысы Улан Абдуллаев да куттуктоо сөзүн сүйлөп, бүтүрүүчүлөргө билим, тажрыйба жана адептүүлүк менен коомго кызмат кылууну каалады.
Салтанаттын алкагында окууда өзгөчөлөнгөн мыкты бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталар тапшырылды. Ата-энелерге да ыраазычылык каттары берилип, алардын балдарын тарбиялоого кошкон салымы жогору бааланды.
Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери катышты. Салтанат концерттик программа менен коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.