Ош технологиялык университетинин базасында техника илимдеринин кандидаты, профессор Тешебаев Абдыкапар Тешебаевичтин жаркын элесине арналган “Электротехниканын теориялык негиздери, көмөкчү чордон жана чордондун электрдик бөлүгү” аттуу заманбап лабораториянын ачылыш аземи болуп өттү.
Бул иш-чарага ОшТУнун ректору, профессор Турсунбаев Жанболот ачып, профессор Тешебаевдин илим-билимге кошкон зор салымын эскерип: “ Абдыкапар Тешебаевич ОшТУда 32 жыл иштеп, окуу жайыбыздын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө зор салым кошту”-, деп белгиледи.
Ал өз сөзүндө жаңы ачылган лаборатория студенттердин практикалык билимдерин тереңдетүүдө жана инженердик көндүмдөрүн чыңдоодо чоң мааниге ээ болоорун белгиледи.
Аталган лабораторияда заманбап жабдуулар орнотулуп, келечектеги энергетик-инженерлердин теория менен практиканы айкалыштырып үйрөнүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Лабораторияда электр тизмектерин изилдөө, чордондордун иштөө принцибин моделдөө, жана түрдүү техникалык иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгү бар.
Бул демилге профессордун билим берүүдөгү жана инженердик кадрларды даярдоодогу мурасын улантуу багытындагы маанилүү кадам катары бааланууда.