Ош технологиялык университетинде билимге умтулган, коомдук жана маданий иштерге активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
Алардын ичинен:
— Окуудагы жетишкендиги жана коомдук иш-чараларда көрсөткөн жигердүүлүгү үчүн;
— Жаштар арасындагы үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн;
— Университетти таанытууга жана маданий иш-чараларга кошкон салымы үчүн бир катар студенттер сыйланышты.
Мындан тышкары, бүтүрүүчү студенттер өздөрү билим алган мектептерине да ыраазычылык каттарды жөнөтүштү. Бул — алардын тамырдан алыстабай, мугалимдерине болгон урматын көрсөтүүсү болду.
Ошондой эле, бош иш орундары жарманкесине активдүү катышып, иш берүүчүлөр менен байланышты бекемдеген студенттерге да ыраазычылык билдирилди.
Биз билимдүү, демилгелүү жана активдүү жаштар менен сыймыктанабыз!