Ош технологиялык университетинде квалификациясын жогорулатуу максатында окуп жаткан Өзбекстандын Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунун (АндААИ) окумуштуулар тобун ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Асанбек Акматалиев, тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери кабыл алышты.
Бул стажировка доцент Н.Т.Алдашева жетектеген “Электр жабдыктары жана жылуулук энергетикасы” кафедрасынын базасында ишке ашырылып жатат.
Бул жолугушууда тараптар кызматташтыктын ар кандай багыттарын да талкуулап, билим берүү процессине инновациялык ыкмаларды киргизүү, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча талкуулашып, пикир алмашышты.
Стажировкага төмөнкү окутуучулар келишти:
1. Б. Турсунов – АндААИнун айыл чарба машиналары жана техникалык сервис кафедрасынын профессору
2. Б. Балтабаев – АндААИнун айыл чарба машиналары жана техникалык сервис кафедрасынын доценти
3. М. Халилов – АндААИнун айыл чарба машиналары жана техникалык сервис кафедрасынын доценти
4. Р. Раззаков – АндААИнун айыл чарба машиналары жана техникалык сервис кафедрасынын улук окутуучусу
5. Р. Махмудов – АндААИнун айыл чарба машиналары жана техникалык сервис кафедрасынын окутуучусу
6. Д. Абдуллаев – АндААИнун айыл чарба машиналары жана техникалык сервис кафедрасынын окутуучусу.
Аталган окутуучулар Ош технологиялык университетинде 2025-жылдын 23-майынан 2-июнуна чейин кыска мөөнөттүү стажировкадан өтүшөт. Стажировка алкагында инновациялык педагогикалык технологияларды өздөштүрүү, тажрыйба алмашуу, мастер-класстарды өткөрүү жана студенттер үчүн интерактивдүү сабактарды уюштуруу иштери каралган.
Мындай иш сапарлар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдап, жогорку билим берүү мекемелеринин өз ара түшүнүшүүсүн, тажрыйба бөлүшүүсүн жана билим сапатын жогорулатууну камсыз кылат.