ОшТУда жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын демилгеси менен Эл аралык “Жаш дизайнер – 2025” аталышындагы мода сынагы өткөрүлдү.
Сынакка:
• ОшТУнун ЖӨЖТ кафедрасынан 1–5-курстун студенттери,
• И.Раззаков атындагы КМТУнун колледж студенттери,
• Өзбекстандын Наманган жана Фергана мамлекеттик техникалык университеттеринин студенттери,
• Ош облусунун мектеп окуучулары активдүү катышышты.
Сынак 3 негизги номинацияда өттү:
• Этно микс
• Шаардык стиль
• Авангард
Жалпысынан 24 коллекция сунушталып, студенттердин чыгармачыл фантазиясы жана кесипкөйлүгү жогору бааланды. Ошондой эле, 1-корпустун фойесинде студенттердин кол өнөрчүлүк иштеринин көргөзмөсү уюштурулду.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
ГРАН-ПРИ:
“Санжыра” коллекциясы – автору Нургазы кызы Айтунук, ИКТ-21
Этно микс:
1-орун – “Мурас”, Алмазбекова Аделина (КМТУ)
2-орун – “Таберик”, Асанова Айзат (ИКТ-22)
3-орун – “Айчүрөк”, Курбанова Алтынай (ИКТ-22)
Шаардык стиль:
1-орун – “Жемчужное сияние”, Раимкулова Нурпери (ТШИ-22)
2-орун – “Тонкая грань”, ТШИ-21 студенттери
3-орун – “Ак башат”, Паязова Мэримай (КМТУ)
Авангард:
1-орун – “Цветное возрождение”, Мирбекова Айдана (КМТУ)
2-орун – “Большая перемена”, Аширбекова Амина (ТШИ-24)
3-орун – “Райский сад”, Маматова Медина (ИКТ-22)
Демөөрчүлөр:
• “Муслим консепт” компаниясы – Ташкентке 2 путевка жана 10 баалуу белек
• “Роза” компаниясы – 7 000 сом
• ОшТУнун окуу жана практика бөлүмү – 10 баалуу белек
• “Белая река” жеке ишканасы – 10 баалуу белек
• ЖӨЖТ кафедрасынын коллективи – 15 000 сом
Бул иш-чара жаш дизайнерлерге шыктандыруу берип, чыгармачылыкты жана этностилди заманбап мода менен айкалыштыруу мүмкүн экендигин көрсөттү!