Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин коомдук илимдер предметтик-циклдик бирикмесинин окутуучулары жана студенттери Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде өткөн ачык көргөзмөгө активдүү катышты.
Иш-чара 18-май — Эл аралык музей күнү жана кыргыз элинин залкар акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгына арналган фото-документалдык көргөзмө негизинде уюштурулду.
Бул иш-чара студенттер үчүн тарыхый жана маданий мурастар менен терең таанышууга, ошондой эле улуттук баалуулуктарды даңазалоого чоң мүмкүнчүлүк жаратты.