ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов жана илим жана инновация боюнча проректору Нурланбек Танаков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунун борбору Урумчи шаарында өтүп жаткан кесиптик билим берүү тармагындагы интеграция жана инновация боюнча тематикалык семинардын даярдык жыйынына катышты.
Жыйынга чейин, алар Сяньюн кампусунун окуу зонасы менен таанышып чыгып, окуу процесстерин жана кесиптик билим берүүдөгү заманбап ыкмаларды жеринде көрүштү. Кампусту кыдыруу учурунда, катышуучуларга билим берүүдө санариптик интеллектти колдонуу боюнча практикалык мисалдар көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, семинардын даярдык жыйыны Урумчи кесиптик университетинин базасында өттү.