2025-жылдын май айында өткөн Кытай-Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык боюнча конференцияга Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) делегациясы катышты. Конференция өндүрүш, билим берүү, илимий изилдөөлөр жана санариптик интеллектти колдонуу менен кесиптик билим берүү тармагындагы интеграция жана инновация маселелерине арналды.
ОшТУнун атынан бул маанилүү иш-чарага окуу иштери боюнча проректор Мамытов Улукбек жана илим жана инновация боюнча проректор Танаков Нурланбек катышышты. Алар конференциянын алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, эл аралык тажрыйбаларды бөлүшүү жана университеттер аралык кызматташууну чыңдоо боюнча маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Бул иш-чара Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда билим берүү жана технологиялык өнүгүү тармагындагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган ири аянтча болду.