Ош технологиялык университетинин колдонмо математика жана информатика кафедрасында «Математика жана информатика илимдеринин учурдагы көйгөйлөрү» аттуу илимий семинар башталды. Иш-чара кафедра башчысынын милдетин аткаруучу Зулпукаров Жакшылык Алибаевичтин уюштуруусу менен, профессор А.Ж. Аширбаеванын жетекчилигинде өткөрүлдү.
Семинардын алкагында профессор А.Ж. Аширбаева «Илимий макала жазуудагы аткарылуучу иштердин тартиби» деген темада мазмундуу баяндама жасап, илимий эмгек даярдоонун баскычтары тууралуу кеңири маалымат берди.
Семинарга колдонмо математика жана информатика кафедрасынын, ошондой эле ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин профессордук-окутуучулар курамы активдүү катышты.