М. М. Адышев атын. Ош технологиялык университетинин делегациясы Аль-Хорезм атын. Ташкент маалымат технологиялар университетинде болушту жана аларды аталган университеттин эл аралык байланыштар боюнча проректору И. Юсупов башында турган курам кабыл алды.
?Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын төмөнкүдөй негизги багыттары каралды:
– билим берүүнү санариптик трансформациялоо боюнча тажрыйба алмашуу;
– илим жана технологиялык кызматташтык боюнча эки тараптуу макулдашууларды колдоо;
– академиялык мобилдүүлүк программаларынын алкагында иштерди күчөтүү.
?Жолугушууда айрыкча илим жана технология багытында долбоорлорду түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кадамдарды жана мүмкүн болгон кызматташуу форматтарын талкуулашты.
✅Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, IT тармагында билим берүү программаларын өнүктүрүү боюнча консультацияларды улантууну макулдашышты.
?Белгилей кетсек, 2025-жылы М. М. Адышев атын. Ош технологиялык университети менен Аль-Хорезм атын. Ташкент маалымат технологиялар университетинин жигердүү аракеттеринин натыйжасында бир канча эл аралык долбоорлор иштелип чыгып, сынактарга сунушталган.
Ошский технологический университет им.Академика М.М. Адышева
Кыргызстан, г. Ош, ул. Исанова 81
Телефон: (+996 3222) 4 3883
E-mail: oshtu.adyshev@mail.ru
Приемная комиссия:
Раб.тел.:(0777) 00 76 45
Моб.тел.:(0779) 32 15 41
Моб.тел.:(0773) 15 83 15
kg











