Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу институтунун өкүлдөрү Өзбекстандын Ташкент архитектура жана курулуш институтуна жана Навои мамлекеттик тоо-технологиялык университетине иш сапары менен барышты.
Сапардын максаты – аталган жогорку окуу жайлары менен 580100 – Экономика жана 580600 – Логистика багыттары боюнча бакалавр жана магистратура деңгээлдеринде биргелешкен окуу программаларын (СОП) түзүү, макулдашуу жана бекитүү болду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2+2 формасындагы окуу пландары талкууланып, макулдашылды.
Ошондой эле, делегация Навои мамлекеттик тоо-технологиялык университетинде өткөн Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференцияга Э(ФиК)-1-23 тайпасынын студенти Абдыгапар кызы Айданек жана Лог-24 тайпасынын студенти Ураимов Эрбол активдүү катышып, ардак грамоталар жана сертификаттар менен сыйланышты.
Бул иш сапар ОшТУнун тышкы байланыштарын бекемдеп, сапаттуу адистерди даярдоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.