Ош технологиялык университетинин студенттери жана окутуучулары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош токой чарбасынын мамлекеттик токой фондунун Чыйырчык участкасында көчөт отургузушту.
Бул иш-чара инновациялык маалыматтык технологиялар институтунун колдонмо информатика кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Студенттер жана окутуучулар жаратылышты коргоо, экологияны сактоо жана жашыл келечекти калыптандыруу максатында өз эмгектерин арнашты.
Табият — жалпы байлыгыбыз. Аны сактоо — ар бирибиздин милдетибиз!