Ош шаарында КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер арасында “Ден-соолук – 2025” спартакиадасы өткөрүлдү.
Спорттук мелдешке Ош технологиялык университетинин командасы активдүү катышты.
Мелдештин жыйынтыгында:
- волейбол боюнча 40 жашка чейинки агайлар 3-орун;
- волейбол боюнча 40 жашка чейинки эжекелер 3-орун;
- волейбол боюнча 40+ эжекелер 2-орун
- футболдук мелдеште 40+ агайлар 2-орун;
- стол теннис боюнча агайлар 2-орун,
- стол теннис боюнча эжекелер 1-орун
Тогуз коргоол боюнча 1-орун жалпы командалык эсепте ОшТУ экинчи орунду ээледи. КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин дипломдоруна, 15 000 сом акчалай сыйлыгына жана баалуу белектерине ээ болушту.
ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев спортчу окутуучуларыбызды жеке кабыл алып, аларды ийгилиги менен куттуктап, окуу жай тарабынан ар дайым колдоо болорун билдирди.
ОшТУнун командасына окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Бул иш-чаранын негизги максаты адамдар арасындагы достукту, ынтымактыкты бекемдөө, дени-сак жашоо образын түзүүгө үндөө жана өз элинин патриоту болууга чакыруу болуп эсептелет.