ОшТУда Бүткүл дүйнөлүк математика күнүнө карата Ош технологиялык университетинин “Так илимдер кафедрасы” менен Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунун “Маалымат технологиялары жана математика” кафедрасы биргеликте математика предмети боюнча “Сандар дүйнөсүндө ар тармак өз ордун табат” аттуу эл аралык студенттик сынак өткөрдү. Сынакка ОшТУда жана Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунда окуган студенттер катышты.
Иш-чаранын максаты студенттердин теориялык жана практикалык билимдерин өркүндөтүү, билимге болгон кызыгуусун арттыруу, математикалык түшүнүктөрдү өз адистик багыттарында колдонууга үйрөтүү жана ар улуттагы студенттерди ынтымакка, достукка чакыруу болду.
Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрү ОшТУнун дипломдору жана баалуу белектер менен сыйланды. Соңунда бул сыяктуу эл аралык иш-чараны өткөрүү эстафетасын “Так илимдер” кафедрасынын башчысы, доцент А.Т.Маматкасымова Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунунан келген делегацияга өткөрүп берди.