Бүгүн ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген курам онлайн форматта Шицзяжуан темир жол профессионалдык-техникалык окуу жайынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору үчүн адистерди даярдоо үчүн абитуриенттерди кабыл алууну, кызматташуу механизмдери, биргелешкен окутуу программасы, окутуучулук курам жана кесиптик жөндөмдүүлүк туурасында талкуулашты.
Жыйынтыгында, тараптар инфраструктуралык добооорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон адистерди даярдоо боюнча ыкчам аракеттерди жүргүзүү керек экендигин белгилешти жана жакын арада офлайн форматта жолугушууга токтолушту.