2025-жылдын 26-апрель күнү Ош технологиялык университетинде өткөн Ачык эшиктер күнүнүн алкагында уюштурулган эрудициялык таймашта №52 Кыргыз-Түрк достугу орто мектебинин окуучусу Турчиева Мадина өзгөчө активдүүлүк жана билимин көрсөтүп, эң мыкты жыйынтыкка жетишти.
Өзүнүн терең билими, татыктуу оюну жана аракетинин жыйынтыгында Турчиева Мадина ОшТУнун 2025–2026-окуу жылына келишимдик төлөмдөн 100% бошотулган атайын сертификаттын ээси болду!
ОшТУнун бүткүл жамааты Турчиева Мадинаны чын жүрөктөн куттуктайт жана алга умтулган жаштардын билим жолундагы ийгиликтерин ар дайым колдоого даяр!
ОшТУ — таланттуу жаштардын мекени!