Ош технологиялык университетинде ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Кесипке багыт берүүнү максат кылган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, ата-энелери катышты.
Саамалыкты университеттин ректору Жанболот Турсунбаев ачып берип, окуучуларды туура кесип тандоого үндөп, алдыда тапшырылуучу ЖРТны мыкты тапшыруусу үчүн ийгиликтерди каалап өттү.
Келген коноктор университеттеги билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын инфраструктурасы жана адистиктер менен таанышып чыгышты.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн кызыктырган суроолорун кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө жана университеттин активдүү студенттерине узатышып, окуу жай жөнүндө кенен маалымат ала алышты.
Окуучуларга атайын конкурстар уюштурулуп, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон окуучуларга университеттин белектери тапшырылды. Мектеп директорлоруна жыйналыш өтүп, ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Калысбек Кошмамат уулу университет тууралуу кыскача маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди.