2025-жылдын 24-25-апрель күндөрү Ош технологиялык университетинин энергетика багытынын студенттери жана окутуучулары Токтогул, Күрүпсай жана Таш-Көмүр ГЭСтерине иш сапар жасап кайтышты.
Иш сапардын максаты:
Энергетика багытында билим алып жаткан студенттерди Кыргызстандын ири гидроэлектрстанцияларынын түзүлүшү, иштөө принциптери, жабдуулары жана коопсуздук эрежелери менен тааныштыруу, теориялык жактан алган билимдерин практика жүзүндө бекемдөө.
Иш сапардын жүрүшү:
2025-жылдын 24-апрелинде Ош шаарынан Токтогул районуна сапар уюштурулуп, алгач Күрүпсай ГЭСине барылды. ГЭСтин өкүлү бизди жылуу тосуп алып, жалпы гидроэлектрстанциянын тарыхы, станциянын иштөө тартиби, агрегаттары, башкаруу системалары, коопсуздук эрежелери жана суу сактагычтын иштөө режимдери боюнча маалымат беришти.
25-апрелде Токтогул ГЭСине барып, суу агымынын жөнгө салынышы, ГЭСтин техникалык параметрлери жана электр энергиясын өндүрүү процесси боюнча адистер тарабынан түшүндүрмө берилди.
Андан соң Таш-Көмүр ГЭСине барылып, ГЭСтин жалпы түзүлүшү, негизги жана жардамчы жабдуулары, трансформатордук станциялар жана башкаруу борборлору менен таанышты.
Бул иш сапар студенттер үчүн абдан пайдалуу тажрыйба болуп, келечектеги инженердик ишмердүүлүккө дем берип, кесиптик кызыгуусун арттырды.