ОшТУнун архитектура жана курулуш институтунун СТР-1-23 тайпасында билим алып жатышкан студенттер теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо максатында ОсОО “Бизнес Хаус КГ” курулуш компаниясы жана “АСМАН РЕЗИДЕНС” курулуш компаниясы тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайларында болушту. Мында студенттер аталган ишканалардын ишмердүүлүгу менен кенен таанышып келишти.
Белгилей кетсек, институтта студенттердин келечекте жумуш менен камсыз болуусуна чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. “Москва сити” уникалдуу курулушунун авторлорунун бири ОшТУнун архитектура жана курулуш институтунун бүтүрүүчүсү.