ОшТУнун инновациялык маалымат технологиялар институтунун директору Арзыбаева Меңди Абдисалимовна XV Евразиялык экономикалык жаштар форумунун алкагында Урал мамлекеттик экономикалык университетинин студенттерине «Цифровая трансформация экономики ЕАЭС: потенциал и перспективы» деген темада лекция окуду.
Лекцияда Меңди Арзыбаева санариптик экономика, электрондук коммерция жана “Түндүк” электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр порталы тууралуу маалымат берип, КРда эмгек ресурстарын, энергетиканы, инфраструктураны, транспортту, байланышты, билим берүүнү, сооданы – товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылын, бажы процесстерин санариптештирүү боюнча комплекстүү чаралар ишке ашырылып жатканын айтты.