Ош технологиялык университетинде Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө жана мөңгүлөрдү сактоонун эл аралык жылына арналган «Илим. Технологиялар. Инновациялар» аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин VIII аймактык илимий практикалык конференциясы башталды.
Аталган конференцияны ОшТУнун ректору Ж.Ж. Турсунбаев ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалады.
Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын алдыңкы жаш илимпоздору, аспиранттары, магистранттары, студенттери жана алардын илимий жетекчилери катышууда.