Ош технологиялык университетинин Сапат комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга ОшТУнун проректорлору, институт директорлору катышып, күн тартибиндеги 5 негизги маселе талкууланды.
Отурумда негизинен студенттерге билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, профессордук-окутуучулар курамынын деңгээлин көтөрүү, студенттер үчүн бардык шарттарды түзүү жана билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча иштер каралды.
Ошондой эле жаш окутуучулар үчүн кошумча квалификациялык курстарды уюштуруу, 2025–2026-окуу жылына карата жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын аккредитацияга даярдоо маселелери кеңири талкууланды.
Сапаттуу билим — келечекке салынган инвестиция!