Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору У.Ж Мамытов Португалиянын Лиссабон университетинин көрүнүктүү профессору Жорже Филипе да Силва Гомешти расмий кабыл алды.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө инженердик багыттагы билим берүү программаларын өркүндөтүү, заманбап технологияларды колдонуу менен окутуунун сапатын жогорулатуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды. Айрыкча технопарктарды өнүктүрүү, инновациялык лабораторияларды ачуу жана академиялык алмашуу программаларын ишке киргизүү маселелери көңүл борборунда болду.
Мындан сырткары, профессор Гомеш ОшТУнун институт директорлору жана кафедра башчылары менен да жолугушуп, билим берүү процессинин мазмунун жаңылоо, практикалык көндүмдөргө басым жасоо жана эл аралык стандарттарга ылайык адистерди даярдоо боюнча пикир алышты.
Бул жолугушуу ОшТУнун техникалык жана инженердик багыттар боюнча өнүгүүсүнө, ошондой эле университеттин глобалдык академиялык мейкиндиктеги позициясын чыңдоого чоң түрткү берет.