2025-жылдын 26-апрель күнү Ош технологиялык университетинде 2025-2026-жаңы окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууга карата “Ачык эшиктер” күнү өткөрүлөт. Бул иш-чарага Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын мектеп бүтүрүүчүлөрүн чакырабыз. Абитуриенттер “Ачык эшик” күндөрү бардык институттардын материалдык-техникалык базасы менен таанышып, адистиктердин артыкчылыктары жана келечеги тууралуу маалымат алышат.
Урматтуу мектеп бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер, ата-энелер сиздерди “Ачык эшиктер күнүнө” чакырабыз!
26-апрель, 2025-жыл
09:00
Ош шаары, ОшТУнун башкы корпусу, Н.Исанов көчөсү 81
Байланыш номерлери:
+996 777 007 645
+996 559 321 541