Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде тренжадердук залдын ачылуу аземинин алкагында жана Кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналган оор атлетиканын “Жатып таш көтөрүү” түрү боюнча ачык чемпионат болуп өттү.
Мелдешке ОшТУнун кызматкерлери катышып, күч сынашты. Спорттук иш-чара кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана спорт аркылуу достукту бекемдөөгө багытталган.
Иш-чаранын алкагында катышуучуларга кесиптик бирлик комитети тарабынан өзгөчө көңүл бурулду. Кесиптик бирликтин төрайымы Тиленбаева Багдагүл Эргешовна иш-чарага жигердүү катышып, өз сөзүндө жаштардын спортко болгон кызыгуусун колдоо маанилүү экенин белгиледи. Ал катышуучуларды куттуктап, жеңүүчүлөргө жана активдүү спортчуларга кесиптик бирликтин атынан баалуу белектерди тапшырды.
Мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулуп, спорт сүйүүчүлөрдүн жана көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана эстелик белектер тапшырылды.