Ош технологиялык университетинде үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын окуу жайга арнап келе жаткан окутуучулар жана кызматкерлер Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына барып эс алып келишти.
Кызматкерлер Ташкент шаарында унутулгус саякат жасашып, тарыхый жерлер, даамдуу өзбек ашканасы, кооз көчөлөр, өзгөчө атмосферага күбө болушуп, жагымдуу эс алуу, жаңы таасирлер жана жакшы маанай менен кайтышты.
Иш-чара кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Тиленбаева Багдагүл Эргешовнанын жетекчилиги астында уюштурулуп, окуу жайдын кызматкерлерине сергек жашоо образы жана эс алуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү.
Эс алууга университеттин бардык институт, колледж, бөлүмдөрү тарабынан сунушталган алдыңкы 21 окутуучу, кызматкерлер жөнөтүлүп, ОшТУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан каржыланды.
Белгилей кетсек, ОшТУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүп, аларга эс алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү иш-чаралары жыл сайын уюштурулуп келет.