Казакстан Республикасынын Астана шаарында улуттук инновациялык илим изилдөө борбору “Bilim-orkenieti” жана “Мыкты студенттер академиясы” тарабынан уюштурулган “Орто Азиянын эң мыкты студенти” аттуу эл аралык кароо сынакта Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу институтунун студенти Ботирбеков Бектур катышып, “1-даражадагы орто Азиянын эң мыкты студенти” наамына ээ болду.
Сынакта студенттердин жетишкендиктерин тастыктоочу грамота, ыраазычылык кат, диплом, сертификат ж.б сыйлыктары каралган.
Ийгиликке жеткен студентибизди ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, мындан ары дагы мыкты жетикендиктердин ээси болуусуна тилектештигин билдирип, окууларына ийгликтерди каалады.
Студентибиздин мындан аркы иштерине ийгилик каалап, жакшы ийгиликтерди жаратууларына тилектешпиз!