2025-жылдын 5-апрель күнү Ош шаарынынборбордук аянтында 6-апрель – Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карта жазгы жалпы массалык жеңил атлетика боюнча чуркоо болуп өттү. Чуркоо 400, 500, 1500 жана 2200 метр аралыкта өткөрүлдү.
Ош технологиялык университетинин жеңил атлетика курама командасы мелдешке катышып, жыйынтыгында ЖОЖдор жана орто кесиптик окуу жайлардын 100дөн ашуун катышуучулардын арасында байгелүү орундарды багындырышты.
Жыйынтыгында 1-орунду ИКТСС-1-24 тайпасынын студенти Мамиридинова Мунара (1500м), 4-орунду ТШИ-1-24 тайпасынын студенти Коконова Асема (1500м), 6-орунду КЛ-1-24 тайпасынын студенти Баева Мадина (1500м), 9-орунду СТР-1-22 тайпасынын студенти Абдиманапов Адахан (2200 метр), 11-орунду СТР-1-24 тайпасынын студенти Арстанов Эрлан (2200 метр) багындырып, диплом, медаль жана баалуу сыйлыктарга ээ болушту.
Университеттин намысын коргогон спортчуларыбызга ийгилик каалайбыз.