Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргызстандын каржы институттары менен бирдикте «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы – 2025» (GMWKG-2025) алкагында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында Ош технологиялык университетинин студенттерине аталган Агенттиктин кызматкерлери конок лекция өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин депозиттерди коргоо фондун башкаруу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Танабаев Чынгыз Маратович, Агенттиктин методология жана анализ бөлүмүнүн башкы адиси Бердикулов Нургазы Абдисаматович, экономика жана башкаруу институтунун окутуучулары жана студенттери катышты.
Лекциянын жүрүшүндө Агенттиктин кызматкерлери студенттердин жана окутуучулардын депозиттерди коргоо системасы жана финансылык сабаттуулук боюнча бардык суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы жөнүндө кыргыз жана орус тилдеринде маалыматтык материалдар таратылды.
Иш-чара экономика жана башкаруу институту тарабынан уюштурулуп, активдүү катышкандарга эстеликке белектер тапшырылды.