Ош технологиялык университетине Түркия Республикасындагы Кастамону университетинин расмий делегациясы окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапары менен келишти. Кастамону университетинин экономика жана административдик илимдер факультетинин деканы, экономика илимдеринин доктору, профессор Орхан Кандемир жетектеген делегация курамын ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов тосуп алып, жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга окуу жай жетекчилиги, бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы катышып, ар тараптуу кызматташууну талкуулашты.
Иш сапардын жүрүшүндө Эразмус+ долбоорунун алкагында Орхан Кандемир мырза экономика жана башкаруу институтунун окутуучуларына жана студенттерине бир жумалык сабак өтөт.