ОшТУнун индустриалдык-педагогикалык институтунун кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын студенттерине Өзбекстан Республикасындагы Андижан экономика жана педагогика университетинин филология факультетинин деканы Сирожиддинова Ирода Махаммадовна “Психологиядагы жаңы тенденциялар” аттуу темада конок лекция окуду.
Лекциянын жүрүшүндө Ирода Махаммадовна студенттерди психологиянын азыркы замандын талабына ылайык жаңы ыкмалары, технологиялары, тажрыйбалары жана психологиялык изилдөөлөрдүн жаңы багыттары менен таныштырды. Ошондой эле, интернеттин жана социалдык медианын психологияга кандай таасир этерин, жаңы терапевтикалык жана диагностикалык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири баяндады.
Студенттер лекцияга кызыгуусун билдирип, жаңы билимдерге болгон кызыгуусун жана анын иш жүзүндөгү маанисин талкуулашты.
Студенттердин психологиялык билим алуусуна, анын ичинде эмоционалдык жана когнитивдик аспектилерине көңүл бурулуучу заманбап билим берүү процесстери жөнүндө сүйлөшүүлөр болду. Бул лекция студенттердин көз карашын кеңейтүүгө жана аларга психологиядагы жаңы изилдөөлөрдү түшүнүүгө жардам берди.