
Бүгүн Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору, профессор У.Ж.Мамытов жетектеген делегация Ташкент архитектура жана курулуш университетинде болушту.

Иш сапардын алкагында профессор У.Ж.Мамытов ОшТУнун эл аралык билим берүү жана илим мейкиндеги чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар жана мекемелер менен кызматташтыктары тууралуу кеңири маалыматты алып чыкты жана Өзбекстандагы жогорку окуу жайлар менен кызматташуулар туурасында айтып өттү. Аталган университетти ОшТУ менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Иш сапардын жүрүшүндө ОшТУ менен Ташкент архитектура жана курулуш университети менен эки тараптуу эл аралык кызматташуу меморандумуна кол коюшту жана окуу процесси, илимий иштер, эл аралык долбоорлордо биргеликте кызматташуу туурасында макулдашышты.

Андан сырткары жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүүнү (бакалавр жана магистратура) алмашуу максатында архитектура, курулуш, дизайн, программалык инженерия, экономика, менеджмент, бизнести башкаруу багыттары боюнча биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту.

Маалымат үчүн, Ташкент архитектура жана курулуш университети Өзбекстандагы архитектура жана курулуш багытындагы базалык жогорку окуу жайлардын бири, анда беш миң студент окуйт, 343 профессордук-окутуучулар курамы эмгектенет (алардын ичинен 23 илимдин доктору, 102 илимдин кандидаты). КМШ, Азия жана Европадагы 20дан ашуун жогорку окуу жайлар менен келишимдерди түзүп иштеп жатышат жана эл аралык гранттарды утуп алууга жетишкен.