Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде дүйнөлүк тилдер предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан “Spelling Bee” сынагы өткөрүлдү. Иш-чараны гуманитардык-педагогикалык жана IT технологиялар бөлүмүнүн башчысы Зикирова Гулайым, коомдук жана табигый илимдер борборунун жетекчиси Таштемирова Альбина ачып беришти. Аталган сынак колледждин 2-курсунун студенттери арасында өтүп, ага аталган кафедранын окутуучулары жана студенттери күбө болушту. Мында студенттердин англис тилинде тапкычтыгы, ой жүгүртүүсү жана сөздөрдү туура айтуудагы чеберчилиги каралды.
Иш-чара студенттердин англис тилиндеги сөз байлыгын арттыруу, сөздөрдү туура жазуу жөндөмүн өнүктүрүү жана тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун жогорулатуу максатында уюштурулган.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.