Ош технологиялык университетинде илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен университеттин профессордук-окутуучулук курамынын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган англис тили боюнча уникалдуу курс уюштурулду. Аталган курс ОшТУнун компьютердик лингвистика кафедрасынын мугалимдери тарабынан иштелип чыгып, англис тилин окутуунун заманбап коммуникативдик методикасына негизделген.
Курстун окутуучулары катары индустриалдык-педагогикалык институттун к омпьютердик лингвистика кафедрасынын башчысы, ОшТУнун доценти Шерматова А.М. жана кафедранын улук окутуучусу Астанова М.Х. сыяктуу тажрыйбалуу адистер тартылды. Курска катышуу үчүн окутуучулар алдын ала деңгээлди аныктоочу тесттен өтүшүп, анын жыйынтыгында А1 (башталгыч деңгээл) жана В1 (орто деңгээл) категориялары боюнча 72 жана 144 академиялык сааттык окутуу программаларына бөлүштүрүлдү. Окутуу процессинин жүрүшүндө окутуучулар англис тилинде окуу, жазуу, сүйлөө жана угуу көндүмдөрүн системалуу түрдө өркүндөтүүгө жетишишти. 2025-жылдын 19-апрелине карата 34 окутуучу ийгиликтүү бүтүрүп, тиешелүү деңгээлдеги (А1, В1) 72 жана 144 сааттык сертификаттарга ээ болушту. Учурда А1 деңгээлиндеги дагы бир топ окутуучулар үчүн курс улантылууда.
Курстун аягында катышуучуларга англис тилин башталгыч деңгээлде өздөштүргөндүгүн тастыктаган сертификаттар тапшырылат. Бул курс ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамынын эл аралык аренада ийгиликтүү иштешине жана университеттин глобалдык билим берүү мейкиндигиндеги позициясын бекемдөөгө багытталган стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат.