ОшТУнун индустриалдык-педагогикалык институтунун кесипке билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын башчысы С.К. Бердибекова жана ага окутуучу Р.А. Алиева, колдонмо математика жана информатика кафедрасынын доценти, ф.-м.и.к. Г.Б.Сапарова, институттун окутуучулары жана студенттери окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарындагы Фергана мамлекеттик университетинде болушту. Иш сапардын алкагында Фергана мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Ошондой эле, ОшТУнун окутуучулары конок лекцияларды өтүшүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ал эми студенттер физика-математика факультетинин технология багытында билим алып жаткан студенттер менен биргеликте сабактарга катышышты.
Иш сапардын жүрүшүндө жолугушуулар уюштурулуп, эки тараптуу кызматташуу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосунда илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланды.