Бабур атындагы драма театрда Кыргыз Республикасынын Аялдар кеңешинин негизделгендигинин 100 жылдыгына арналган “Аялдар коомдо зор күч” аталышындагы иш-чара өттү. Бул иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңешинин өкүлдөрү, КР Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева, КР “Аялдар кеңшини” коомдук бирикмесинин Ош шаарындагы Алдар кеңешинин төрайымы Атыргул Кожоева, билим берүү жана медицина тармагынын өкүлдөрү катышты. Аталган иш-чарага ОшТУнун Аялдар кеңеши жана башка айымдар катышты. Бул иш-чарага ОшТУнун жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын окутуучуларынын жетекчилиги менен даярдалган улуттук колориттеги кийимдердин мода жана кол өнөрчүлук буюмдарынын көргөзмөлөрү уюштурулду.