Ош технологиялык университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайдын жалпы аялзатына арналган майрамдык кече болуп өттү. Иш-чара университет жетекчилиги, индустриалдык-педагогикалык институту жана кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайда эмгектенип жаткан аялдар, студенттер, университеттин жалпы жамааты катышты.
Университеттин ректору Жанболот Турсунбаев жалпы аялзаты менен бирге окуу жайда эмгектенип жаткан аялдар жамаатын майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.
Ош технологиялык университетинде көп жыл үзүрлүү иштеп, билим берүүдө, илимде сиңирген эмгектери, коомдук иштерде көрсөткөн активдүүлүгү үчүн окуу жайда эмгектенген бир нече айымдар Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар жана кесиптик бирлик комитетинин баалуу белектери менен сыйланышты.
Кече концерттик программа менен коштолуп, индустриалдык-педагогикалык институту, маданий эстетикалык борбору тарабынан айымдарга өзгөчө майрамдык маанай тартууланды.