Ош технологиялык университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайдын жалпы аялзатына арналган майрамдык кече болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы Багдагул Тиленбаева окуу жайдын айымдарын майрамы менен куттуктап, кесиптик бирликтин фондунан 15 кызматкерди көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн баалуу сыйлыктары менен сыйлады.
Ошондой эле, 27 кызматкер быйылкы жылы 50,60,70 жашка толгондугуна байланыштуу юбиляр кызматкерлер катарында кесиптик бирлик тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.