Санкт- Петербургдагы Г.В. Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин Ташкенттеги филиалы “Өнүгүп келе жаткан рыноктор:-Борбордук Азияны изилдөө” аттуу эл аралык илимий эмгектердин гранттык конкурсун уюштуруп, илимий журналына басылмага берүүнү жарыялаган.
Бул конкурска Борбор Азиянын өнүгүп келе жаткан рынокторуна арналган сынакка 18 өлкөнүн окумуштуулары катышты.
Ош ТУдан сынака катышкан илимий жамаат: Баймуратов Абдимиталип Абдиллаевич, Зикираев Марат Төлөгөнович Тажибаева Гүлсина Тохтматовна илимий изилдөөлөрү менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн соодасын өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” аттуу илимий макала беришкен. Натыйжада конкурстун жыйынтыгында “Жылдын тренди: Евразиянын соода рынокторун изилдөөчүлөрдүн мыкты илимий тобу – 2024” номинациясында лидер деп табылып диплом менен сыйланышты.
“Өнүгүп келе жаткан рыноктор: Борбордук Азия изилдөөлөрү” басма үйү Ош ТУга илимий ийгиликтер менен бирге Ректордун наамына ыраазычылык кат жолдоп Борбордук Азиянын жана Казакстандын өнүгүп келе жаткан рыноктору жаатында илимий изилдөөлөрдү жана билим алмашууну мындан ары өнүктүрүүгө салым кошорун билдирди.