Ош технологиялык университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан айымдар арасында волейбол мелдеши уюштурулду.
Спорттук иш-чарага окуу жайдын ректору Ж.Ж. Турсунбаев, кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Э. Тиленбаева, жалпы бөлүмүнүн башчысы Ш. Маразаков, окутуучулар жана күйөрмандар катышты.
Иш-чараны университеттин ректору Жанболот Турсунбаев ачып берип, катышуучу айымдарды майрамы менен куттуктап мелдешке ийгилик каалады.
Мелдешке институттардан жана колледжден жалпы 9 команда катышып, күч сынашты. Жыйынтыгында биринчи орунду административдик башкаруу персоналынын курама командасы, экинчи орунду архитектура жана курулуш институтунун командасы, үчүнчү орунду гуманитардык-технологиялык колледжинин коомдук жана табигый илимдер борборунун командысы ээледи.
Жеңүүчүлөргө жана мыкты оюнчуларга кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом, кубок, акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.