ОшТУда кезектеги окумуштуулар кеңеши өткөрүлүп, күн тартибинде Ош технологиялык университетинин 2024-жылдагы каржылык, чарбалык, курулуш иштеринин жыйынтыгы, быйылкы жылдагы башкы багыттары, окуу-материалдык базаны жакшыртуу тууралуу, окуу жайдын илимий ишмердүүлүгүнүн 2024-жылдагы абалы жана учур талабына ылайык өнүктүрүү жөнүндө, архитектура жана курулуш институтунун окуу, окуу-усулдук, илимий, тарбиялык жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн абалы тууралуу, конкурстук шайлоолор жана ар түрдүү маселелер каралды.
Жыйындын жүрүшүндө күн тартибине ыйлайык каралган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилер тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтар угулду жана суроолор, сунуштар айтылып, талкууланып тиешелүү токтомдор кабыл алынды