Ош технологиялык университети менен Өзбекстан Республикасынын Навои тоо кен жана технологиялык университетинин ортосунда билим берүү жана илим тармагында кызматташуу туурасында эл аралык кызматташуу келишимине кол коюлган.
Ал келишимдин алкагында Өзбекстан Республикасынын Навои тоо кен жана технологиялык университетинин студенттери Ош технологиялык университетине академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча окуп, тажрыйба алмашканы келишти.
Келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Делегациянын курамын университеттин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Асанбек Акматалиев кабыл алып, аларга биздин окуу жай тууралуу маалымат берип, жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо биргелешип кызматташуу тууралуу кеңири сөз болду.
Белгилей кетсек, Ош технологиялык университети бир топ жылдардан бери академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча дүйнөнүн бир канча мамлекеттери менен кызматташып келет. Ал өлкөлөрдүн арасынан Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен илим жана билим берүү жаатында тыгыз байланышта иш алып барууда.