“ОшТУнун ректорунун кубогуна” арналган Ош облусунун Биринчилиги жыйынтыкталды
22-23-февраль күндөрү Ош технологиялык университетинде Ош шаарындагы жана Ош облусунун райондорунун мектеп окуучуларынын балдар жана кыздар арасында “Ош технологиялык университетинин ректорунун кубогуна” арналган спорттун тогуз коргоол жана волейбол түрү боюнча Ош облусунун Биринчилиги болуп өттү.
Спорттук мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча балдар арасында:
1-орун Ош шаары
2-орун Чоң-Алай району
3-орун Өзгөн району
4-орун Ноокат району
Волейбол боюнча кыздар арасында:
1-орун Ноокат району
2-орун Алай району
3-орун Ош шаары
4-орун Кара-Кулжа району
Тогуз коргоол боюнча балдар арасында:
1-орун Өзгөн району
2-орун Чоң-Алай району
3-орун Ноокат району
Тогуз коргоол боюнча кыздар арасында:
1-орун Ноокат району
2-орун Чоң-Алай району
3-орун Кара-Кулжа району ээледи.
Жеңүүчүлөрдү окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Кошмамат уулу Калысбек куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле, гуманитардык-технологиялык колледжинин кийимдердин дизайны жана технологиясы предметтик-циклдык бирикмеси тарабынан окуу жайдын эн белгиси түшүрүлгөн бирдиктүү форма жана ак калпак тигилип, мелдештин бардык катышуучуларына тапшырылды.
Спорттук иш-чара Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана кабыл алуу комиссиясы менен биргеликте уюштурулуп, ОшТУнун кесиптик бирлик комитети демөөрчүлүк кылды. Кесиптик бирлик комитет спорттук мелдештин бардык катышуучуларына түштөнүү уюштуруп, атайын белектерин тапшырды.