Ош технологиялык университетинде 23-февраль Ата мекенди коргоо жана 24-февраль Ош технологиялык университетинин күнүнө карата окуу жайдын жетекчилиги, аялдар кеңеши, экономика жана башкаруу институту, кесиптик бирлик комитети тарабынан жалпы мекен коргоочулардын урматына концерттик программа тартууланды. Салтанатка окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чарада ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев университеттин түзүлгөн күнү менен жана жамааттын мырзаларын майрамы менен куттуктап, билим берүүдѳ татыктуу эмгектенген алдыӊкы мугалимдерди сыйлады.
Майрамдык кечеде жагымдуу чыгармалар, обондуу ырлар, бийлер аткарылды.
Университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан окутуучу агайларга, кызматкерлерге жана окууда мыкты жетишкендиктерди жараткан үлгүлүү студенттерге Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Майрамдык иш-чарага ОшТУнун кесиптик бирлиги колдоо көрсөтүп, баалуу сыйлыктарын тапшырып өттү.