ОшТУда гуманитардык-технологиялык колледжинин дүйнөлүк тилдер бирикмеси, коомдук жана табигый илимдер борбору тарабынан 21–февраль – бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлүп, ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.
Студенттер кыргыз, корей, кытай, англис, казак жана тажик тилдеринде улуттук ыр, бийлерди аткарышты. Ар бир улуттун тилинде ырлардан көркөм окуп, көрүнүштөрдү аткарды.
Иш-чаранын алкагында викторина уюштурулуп, тил боюнча суроолор берилип, активдүү катышкан студенттерге сыйлыктар тапшырылды.
Жыйынтыгында иш-чарага активдүү катышкан студенттер сыйланды.